Токон Мамытов президентке кыргыз-тажик чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 19-февралда Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы КР Өкмөтүнүн Тажикстан Республикасынын Өкмөтү менен өлкөлөр ортосунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү туурасында маалыматты укту.

Ошондой эле вице-премьер-министр өлкө башчыга чек аралардын коопсуздугун чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

Эске салсак, 14-15-февралда Бишкекте эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда эки багыт боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан