Ыргал Кадыралиева "өкмөт башчыдан "Кайсы курулушка канча кум кетти?" деп сурап отурганыбыз майдачылык" дейт

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын чечими калыс болбой калышы мүмкүн. Муну Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Айтымында, депутаттык комиссиянын корутундусун прокуратура иликтеши керек. “Өкмөт башчы жөнөкөй жаран эмес, бүтүндөй өлкөнүн тагдырына жооп бере турган адам. Аны парламенттин жыйынына чакырып алып “Кайсы курулушка канча кум кетти?” деп сурап отурганыбыз майдачылык”,- деген депутат өкмөт башчыга кайрылып: “Депутаттык комиссиянын чечими боюнча прокуратурага арыз бериңиз. Чечимдин чын-төгүнүн прокуратура иликтеп чыксын”,- деди.

Кадыралиева эгер депутаттык комиссиянын корутундусу туура болсо өкмөт башчы, туура эмес болсо Жогорку Кеңештин депутаттары жоопкерчилик алышы керек.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан