Бишкек шаарында 600дөн ашык бургулоо скважинасы бар. Алар аркылуу шаар тургундары суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Төрөбек Имашов билдирди.
Анын айтымында, бургулоочу скважиналардан күнүнө анализ алынып турат. Анализдин жыйынтыгына караганда, суунун сапаты жакшы. Сууну тазалабай ичсе болот.
Ал эми шаардык кеңештин айрым депутаттары сууда хлор ашыкча болуп жатканын белгилешти. Буга вице-мэр: “Суунун курамында сөзсүз хлор болушу керек. Белгиленген өлчөмдө кошулуп жатат”,- деди.