Парламенттин
19-февралдагы жыйынында депутаттар “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына
келтирүү дирекциясы боюнча 8 кылмыш иши козголду” деген туура эмес экенин
айтышты. Туратбек Мадылбеков:
“Прокуратуранын өзүндө эле 9 кылмыш иши
козголгон. Каржы полициясы козгогон кылмыш иштери эмнеге айтылбайт?”-
деди.
Жыйынга катышып жаткан
башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров бул маалымат тактала турганын
айтты.
Айта кетсек,
парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши
каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.