2013-жылдын ичинде 3829 милиция кызматкери мыйзам жана кызматтык тартипти бузган. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылдын көрсөткүчү 2012-жылга салыштырмалуу 17,1 пайызга аз. 2012-жылы 4617 мыйзам бузуу катталган.
"2013-жылы 171 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын 26сына "пара алуу", 62сине “бийликти кыянаттык менен пайдалануу”, 12сине "шалаакылык", 14үнө "баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү", 15ине "каракчылык" жана "тоноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон",- деди Жусубалиев.