Бүгүн, 19-февралда маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев
"2013-жылы милиция кызматкерлеринин укук бузуулары боюнча 1727 кайрылуу кабыл алынды" деп журналисттерге маалымат берди.
Анын айтымында, ар бир факты боюнча кызматтык тергөө жана текшерүү жүргүзүлгөн. Иш-чаралардын натыйжасында кайрылуулардын 242си боюнча (14 пайыз) милиционерлердин укук бузуулары аныкталды.