Өзгөн райондук сотунда судьялар жетишсиз

Ош шаарында 18-февралда ЖКнын Сот-укуктук маселелери комитети Ош облусундагы соттордун имараттарын, жарандардын сот иштерине катышуу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө багытталган көчмө жыйын өткөрдү. Анда депутаттар Ош облустук жана шаардык, Өзгөн, Кара-Кулжа райондук сотторунун имараттарынын абалы менен таанышып чыгышты.

Иш-чарада Өзгөн райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Акмат Сапаралиев кадрлардын жетишсиздигинен ар бир судьяга чоң иштер жүктөлүп жатканын айтты. “Жыл башында эле бизге 770 жарандык иш жана 126 кылмыш иши келип түштү. Төрт судья үчүн бул абдан чоң көлөмдөгү иш”,- деди ал. Ал эми Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Тилек Асанов райондук соттордун имараттарын кайтарууну күчөтүүнү сунуш кылды.

Комитет төрагасы Токтогул Туманов сот системин жакшыртуу иштери улантыларын айтканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан