2013-жылы 125 милиция кызматкери иштен айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев билдирди.
Мындан сырткары өткөн жылы 153 кызматкер иштен бошотулуп, 3551и жоопкерчиликке тартылды.
"ИИМ жүргүзгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 3309 милиционер жазага тартылса, жарандардын кайрылуулары боюнча 242 кызматкер жаза алды",- деди министрдин орун басары.