Ош облусу боюнча жалпы мамлекетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын план-тапшырмалары облустун бардык райондорунда ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын январь айында жалпы республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча болжолдуу планы 96,4 миллион сом болсо, аткарылганы 117,9 миллион сомду түздү. Мамлекеттик бюджеттин казынасына 21,4 миллион сомго көп каражат чогулду.