Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы кыргыз тилин жакшы билген кесиптешине кызмат ордун бошотууга даяр экенин айтты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жыйынды кыргыз тилинде өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Ал төрагадан жыйынды кыргыз тилинде өткөрүүнү добушка коюп берүүнү суранды. 
“Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мамлекеттик тил катары негизги басым кыргыз тилине жасалсын. Отчёттор, сунуштар кыргыз тилинде берилсин”,- деди Жусупбек Коргонбай уулу. 
Бирок буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгышты. Алар “ким кайсы тилде сүйлөсө, ошол тилде сүйлөсүн” дешти. Айрымдары бул маселени көтөрбөй эле коюуну суранышты. 
Жусупбек Коргонбай уулу көтөргөн демилге добушка коюлуп, жыйынтыгында 9 депутат “макул”, 7 депутат “каршы”, 7 депутат “калыс” деп добуш беришти. Сунуш добуштан өткөн жок. 
Марат Аманкулов: “Мен жыйындын кыргыз тилинде өтүшүнө каршы эмесмин. Бирок учурда дароо эле кыргыз тилине өтүп кетүү оор маселе. Бишкек шаары көп улуттуу. Мен үчүн иштердин жыйынтыгы маанилүү. Эгер бул сунуш өтүп калса, мен ордумду башка кыргыз тилин жакшы билген кесиптешиме өткөрүп бермекмин”,- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан