Нурадил Жолдошев Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдиновдун көрсөтмөсүнүн негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыратылган эле.
Кечээ,18-февралда Ош шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарып, мандатын кайтарып берүү буйругун чыгарды.
«Менин мандатым мыйзамсыз алынган, азыр болсо адилеттүү чечим чыкты. Эми Ош шаардык кеңешинин депутаты катары иштөөгө даярмын»,- деди Н.Жолдошев.
Эске салсак, "Замандаш-Современник" фракциясынын депутаты Нурадил Жолдошев мандатынан 2013-жылдын 23-декабрында ажыратылган.