“Ата Мекен” фракциясы 22-23-февраль күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында көчмө жыйын өткөрөт. Фракциянын катчылыгы билдиргендей, Ош шаарындагы жыйында депутаттар курулушу токтоп турган асма көпүрө боюнча шаардыктардын көйгөйүн угушат. Ал эми 23-февралда депутаттар Баткен облусундагы аскер кызматкерлери жана чек арачылар менен жолугушат. Аны менен катар жергиликтүү калктын көйгөйлөрү менен да таанышып чыгышат.