Депутаттар “мамлекет фармацевтикалык фирмалардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат” дешти

Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин чектен ашып кеткенин айтышты. Депутат Ташполот Балтабаев “Менин атыма ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаевадан кат келди. Катты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар боюнча департаментинин жамааты жазыптыр. Алар текшерүү көп болуп жатканын, муну парламент токтотушу керектигин айтып жатышат” деп билдирди. 

Балтабаев тармакты реформалоо зарыл экенин, азыркы шартта мамлекет фармацевтикалык фирмалардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан