Жантөрө Сатыбалдиев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн "галдир" деп айтканы үчүн кечирим сурады

“Айткан сөзүм үчүн Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүнөн кечирим сурайм”,- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖКнын 19-февралдагы жыйынында. Ал 2010-жылдагы Ош окуясынан кийинки айткан сөзүн моюнга алды. Жыйында депутат Бөдөш Мамырова Ош окуясын эскерип: “2010-жылдын 17-июнунда Ошко барып, Жантөрө Жолдошовичке жолугуп калдым. Ошондо Сатыбалдиев мага “Сиз бул галдирбайларга (акылынан айныган, келесоо, акмак) кайдан кошулуп жүрөсүз?” деген”,- деди. Мындан кийин депутат Дамира Ниязалиева өкмөт башчыдан “галдир” деген сөздүн маанисин түшүндүрүп берүүнү талап кылды, бирок Сатыбалдиев жооп бере алган жок. Ниязалиева: “Мен түшүндүм, бул жакшы сөз эмес экен. Мен дагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгом. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү галдир болушса, сиз бүгүн эмнеге алар менен иштешип, отставкага кетпей тырмышып жатасыз?”- деди өкмөт башчыга.

Мындан кийин Жантөрө Сатыбалдиев бул сөздү тамаша иретинде айтканын билдирип: “Бул сөзүм катуу тийсе, Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүнөн кечирим сурайм”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан