Жантөрө Сатыбалдиев: “Мага козголгон кылмыш иши жабылган”

“Мага козголгон кылмыш иши жабылган”,- деп билдирди парламенттин 19-февралдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, кылмыш иши негизсиз козголгон. “Прокуратура ишти жапкан, бир күн да суракка алынган жокмун. Мага каршы көрсөтмө берген адам көпчүлүктүн алдында менден кечирим сураган”,- деди Сатыбалдиев.

Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт башчыдан “Сиздин сот иштериңиз аягына чыкты беле?” деп сураган эле.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан