Бүгүн, 19-февралда Киев шаарында митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуунун кесепетинен 25 адам набыт болуп, 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме менен орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, акциянын 241 катышуучусу ооруканага жаткырылган. Каза болгондордун арасында “Вести” гезитинин Киевдеги бөлүмүнүн кабарчысы да бар.
“Госпиталга алынгандардын ичинде 79 милиция кызматкери, 5 журналист, Жогорку Раданын оппозициялык депутаты Василий Пазиняк жана 3 жашы жете элек өспүрүм бар”,- деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында.