Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди отставкага кетирүүнү Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууга жетиштүү кол топтолгону айтылууда

Жогорку Кеңештеги булактардын маалымдашынча, премьер-министрди отставкага кетирүүнү жыйындын күн тартибине киргизүүгө керектүү болгон 40тан ашык депутаттын колу топтолду.

Эске салсак, депутаттар тарабынан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди отставкага кетирүү маселеси буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Өкмөт башчыга алар тарабынан олуттуу айыптар тагылып жатат.

Алсак, коомчулукта талкууга алынган “Кумтөр” маселесин иликтөөдө бир топ одоно катачылыктарды кетиргенин, чет элдик консультанттар менен кеңешүүдө республикалык бюджеттен сарпталган каражаттан баштап, Кыргызстандын үлүшүн 50 пайыздан жогору көбөйтө албаганына айыпташууда.

Мындан сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясын жетектеп турган кезиндеги мыйзам бузуулар, бир нече миллиард сомдун дайыны жок коротулганы, кримчөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин абактан бошотулуусу, электр энергияга болгон бааны көтөрүү аракеттери, кыш мезгилинде мурда өчүрүлбөйт деп убада кылынганы менен, жарыктын байма-бай өчүрүлгөндүгү жана башкалар негизги себептер катары айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан