2010-жылы Ош окуясында
күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй курууга жер ээлери макул болушкан
жок. Муну парламенттин 19-февралдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев билдирди.
“Ал үйлөрдүн орду жеке менчикте. Менчик
ээлери жерди бошотуп беришпей турганын айтышты”,- деди өкмөт
башчы. Депутаттар күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үй куруу менен жер
сатып алуудагы акчаны үнөмдөсө боло турганын айтышкан эле.
Айта кетсек,
парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши
каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.