Жогорку Кеңештин
19-февралдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова Ош жана Жалал-Абад шаарларын
калыбына келтирүү дирекциясынын ишин тийиштүү органдар кайрадан иликтеп чыгышы
керектигин айтты.
“Мен куруучу катары кесиптештеримди колдойм. Тийиштүү органдар баа бере
электе дирекциянын мүчөлөрүн күнөөлөбөй туралы”,- деди ал.
Бир катар депутаттар дирекция
боюнча Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы кайрадан иликтөө жүргүзүп
чыгышы керектигин билдиришүүдө.