“Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча дирекциянын өкүлдөрү мыйзам эмес, Кудайдан да коркпой турганын көрсөтүштү” деди Бөдөш Мамырова

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын өкүлдөрү мыйзам эмес, Кудайдан да коркпой турганын көрсөтүштү. Муну бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат Бөдөш Мамырова билдирди. Айтымында, аталган дирекция оор кырдаалда алдына коюлган милдетти аткара алган жок.

“Дирекция Июнь окуясынан кийин кыйналып, аймактык бирдиктерде (махаллаларда) жашаган тургундарды аралаштырып бир үйдө жашатуу үчүн түзүлгөн. Ушул нерсе орундалдыбы? Кыйналган эл кыйналган боюнча калды. Жаңы курулган үйлөрдүн сапатына нааразы. Көп суроолор ачык бойдон калууда”,- деди Мамырова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан