Бишкек шаарынын №71-орто мектебинин базасында жетим жана кароосуз калган балдар үчүн мектеп-интернаты түзүлөт

Бишкек шаарынын №71-орто мектебинин базасында жетим жана кароосуз калган балдар үчүн мектеп-интернаты түзүлөт. Мындай демилгени өткөн жылы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев колдогон. Бул тууралуу билим берүү министри Канат Садыков бүгүн, 19-февралда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептин аймагына жатакана курулат. Мунун менен мектептин статусу мектеп-интернаты болуп өзгөрөт. Ал жакта 5-класстан тарта окуй алышат. Айта кетсек, Бишкек шаарында 430 кароосуз калган жана жетим бала бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан