“7-Апрель окуясында Ак үйдөн компьютер алып чыгып кеткендерди “мародёрлор” деп жатабыз. Ош окуясынан кийин эл кыйналып турганда дирекциянын кызматкерлери кошумча акы (премия) алышкан. Мунун өзү мародёрлук, булар мыйзамдуу мародёрлор”,- деди Сабиров.
Төрага Асылбек Жээнбеков депутатка эскертүү берип, алдын ала баа бербөөгө чакырды.