Кыргызстанда катталган жетим балдардын саны 1369ду түзөт

Кыргызстанда катталган жетим балдардын саны 1369ду түзөт. Бул тууралуу 19-февралда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билим берүү министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, ал балдардын 400гө жакыны Бишкек шаарындагы мектептерде окушат. Бүгүнкү жыйында депутаттар жетим балдар үчүн мектеп-интернаттарын ачуу маселесин карап жатышат. Министр №71-мектептин базасында интернат ачуу менен балдарды жакшы шарттарда окутуу максат кылынып жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан