Исмаил Исаков Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясы боюнча токтомго Жантөрө Сатыбалдиевди убактылуу кызматтан четтетүү пунктун кошууну сунуштады      

Жогорку Кеңеште депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча токтом долбоорунун тегерегинде талашып-тартышууда. Талашка токтомдун 1-пункту кабылды. Анда дирекциянын ишин "канааттандырарлык эмес" деп табуу сунушу камтылган. Айрым депутаттар "канааттандырарлык эмес" дебей, "жетишсиз" деп же комиссиянын маалыматын эске алуу чечимин кабыл алуу керектигин айтышууда. Депутат Исмаил Исаков токтомго өкмөт башчы (дирекциянын мурунку башчысы) Жантөрө Сатыбалдиевди убактылуу кызматтан четтетүү пунктун кошуу керектигин билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан