Жогорку Кеңеш Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин жетишсиз деп тапты  

Жогорку Кеңеш бүгүн, 19-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды. Токтомдо дирекциянын ишин "жетишсиз" деп табуу жана дирекциянын ишине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратуранын жана Эсептөө палатасынын иш жүргүзүшү каралган. Ал үчүн 3 ай убакыт берилди. Добуш берүүдө 68 депутат “макул”, 10 депутат “каршы” деп добуш берди. Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан