Мындан ары Бишкек шаарынын күнү сентябрь айынын акыркы ишембисинде белгиленет. Мындай чечим кечээ, 19-февралда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 10-жыйынында кабыл алынды.
Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченконун айтымында, мурда шаар күнү 29-апрелде белгиленчү. Бирок акыркы эки жылдан бери бул күндү сентябрь айында белгилеп келебиз. Мындан улам сентябрь айынын акыркы ишембисин шаар күнү катары белгилөө сунушу киргизилген.