“Премьер-министр эчак иштен кетип калышы керек болчу. Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда дирекциянын иши калыс иликтенбейт. Эртең "текшерүү жүргүзөм" деген экспертине же башкасына өкмөт башчы “тиги тууганыңды кызматка коём, ишти токтотуп кой” деп айтышы мүмкүн. Антпейт деп ким кепилдик бере алат? Бабановго убагында "бир ат алып койдуң" деп доомат коюлганда, тергөө бүткүчө деп кызматтан убактылуу кеткен. Бул болсо (Жантөрө Сатыбалдиев) ири каржылык мыйзам бузуулар айтылып жатса да кетпей, тырышып отурат”,- деди Исмаил Исаков.
Депутат аталган дирекция боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго премьер-министрди кызматтан убактылуу кетире туруу пунктун кошууну сунуштады. Бир нече ирет кайталап айтканына карабай, төрага Асылбек Жээнбеков депутаттын сунушун добушка койгон жок. “Муну мен ойлоп тапкан жокмун, мыйзамда жазылып турат”,- деп кызууланды Исаков.
Айта кетсек, 19-февралда парламент Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды. Токтомдо аталган дирекциянын иши "жетишсиз" деп табылды. Анын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу үчүн Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасына 3 ай мөөнөт берилди. Аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.