“Аалам сырлары”
көрсөтүүсүнүн финалына чыгуу үчүн катышуучулардан 20 миң доллар талап
кылышууда, буга мамлекет жетекчилиги чара көрүшү керек”,- деди депутат
Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 20-февралдагы жыйынында. Айтымында, парламенттик
башкаруудагы мамлекетте улуттук идеологияны Жогорку Кеңеш колго алышы керек.
“Урматтуу
депутаттар, катышуучулардан 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылууда. Кечээ
кечинде “Супер-Инфо” гезитинин сайтына 2 аудиожазуу чыкты. Анда катышуучулардын
бири уюштуруучулар менен ачык эле сүйлөшүп жатат. Өкмөт менен президенттин
өкүлү, бул силерге да тиешелүү. Башка канал болсо мейли эле, мамлекеттик каналды
бакшылар ээлеп алышы жакшы эмес. Бул маселеге тез арада чекит коюш керек”,-
деди депутат.
Cөз болуп жаткан аудиожазуу бул жакта.