“Президент коррупция менен күрөшүүгө аёосуз согуш жарыялаганы менен, мамлекеттик органдар эч кандай аракет кылбай жатышат. Коррупция системи 2010-жылдан бери өзгөргөн жок. Мамлекеттик органдарга “бул мыйзамдаштырылган коррупция” деп көзүнө көрсөтүп жатсаң да моюнга алышпай, “бизде коррупция жок, баары жакшы” дешет. 20 жыл күтүп отура берсек, мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Конституцияны өзгөртүү боюнча топ түзүшүбүз керек. Бир катар түзөтүүлөрдү киргизбесек болбойт”,- деди Калматов.