Депутаттар Баткенге өрүктү кайра иштете турган завод куруу керектигин айтышууда
Жогорку Кеңештин
20-февралдагы жыйынында депутаттар Баткенге өрүктү кайра иштетүүчү ишкана
курууну сунушташты. Депутат Карамат Орозова Баткендин өрүгүнүн үзүрүн коңшу
өлкөлөр көрүп жатышканын айтат. “Август айында Баткенде өрүктүн баасы
арзандап кетет. Тажикстан менен Өзбекстан сатып алып, кайра иштетип чыгышат. Аны
кайра бизге сатышат. Баткенге мөмө-жемишти кайра иштете турган завод курулса
жакшы болмок, мамлекеттик казынага да акча түшмөк”,- деди Орозова.