Бөдөш Мамырова “Биздин милиция кызматкерлерибизди көрүнгөн эле адам сабай береби?” деп нааразы болду
“Биздин милицияга эмне болгон,
көрүнгөн эле адам сабай береби?”- деди ЖКнын 20-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш
Мамырова.Айтымында, милициянын абалына өкмөт олуттуу көңүл бурушу
керек. “Интернетти ачсаң эле сабалган милиция кызматкерлерин көрөсүң. Жакында кыргыздын белгилүү эле жигитинин (бильярдчы Каныбек Сагынбаев) милиция
кызматкерине кол көтөргөнү айтылды. Мурда ырчы кызыбыз сабаган бирөөсүн. Кечээ
окудум, Вьетнамдан келген бизнесмендер биздин милиция кызматкерибизди сабап
салышыптыр. Бул эмне дегендик? Биздин милиция өз ишине даярбы же көрүнгөн адам
сабай береби?”- дейт Мамырова.