Ош шаарындагы Ветеринардык-фитосанитардык башкармалыгынын коопсуздук боюнча инспектору Марат Боронбаев бүгүн, 20-февралда "январь айында Кеңеш айыл аймагында мышыктан кутурма оорусу байкалган" деп билдирди.
Маалыматка ылайык, жандыктан кутурма оорусу байкалганын үйдүн ээси кабарлаган. Ветеринарлар тарабынан мышыктын кутурма оорусуна чалдыкканы аныкталып, ал өрттөлүп жок кылынган.