2013-жылы курулуш тармагындагы дүң продукциянын көлөмү 70,7 миллиард сомду түздү

2013-жылы курулуш тармагындагы дүң продукциянын көлөмү 70,7 миллиард сомду түздү. 2012-жылга караганда 12,4 пайызга өсүш байкалган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Шухрат Сабиров бүгүн, 20-февралда билдирди.

Анын айтымында, республика аймагында 8706 турак жай курулуп, колдонууга берилген. Муну менен 2012-жылга караганда 6,6 пайызга өскөн. Ал эми тышкы каржылык булактарынын эсебинен негизги капиталдык инвестициялардын көлөмү 28 миллиард сомду түзгөн.

Айта кетсек, бүгүн, 20-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйыны болуп жатат. Ага КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан