Асылбек Жээнбеков: “Бизге жардам берип жаткан араб инвесторлорун “шектүү инвестор” дегенибиз уят”

“Бизден бир тыйын сурабай жардам берип жаткан араб инвесторлорун “шектүү инвесторлор” дегенибиз уят”,- деди парламенттин 20-февралдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков. Айтымында, араб инвесторлору Кыргызстанда өздөрүнүн идеологиясын жайылтып жатат деген туура эмес. Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин имаратына экинчи намазкананын курулуп жатышы сынга кабылган эле.

“Кыргызстандын өзүнүн идеологиясы бар. Өздөрүн жарнама кылып мактанбай, 3 жылдан бери Кыргызстанга оорукана, мектеп, спортзалдарды куруп жатышат. Мунун эмнеси жаман? Кардиоборбор кура турганын да айтышууда. “Тез жардам” унааларын берип жатышат. Мунун баарын мактанышпай эле жасап жатышат, анткени мусулманчылыкта мактануу туура эмес. Аларга карата айтылган ар кандай сөздөр үчүн мен кечирим сурайм”,- деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан