Боом капчыгайында
9-февралда болгон окуяда каза тапкан милиция кызматкери Бакыт Абдраевдин
үй-бүлөсүнө Балыкчы шаарынан 3 бөлмөлүү үй берилет. Муну бүгүн, 20-февралда
парламент жыйынында өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
“Балыкчы
шаарынын мэри курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батир бериле
турганын билдирди”,- деди Темирбаев.
Эскерте кетсек,
9-февралда Боом капчыгайында кылмышкерлердин колунан бир милиция кызматкери
жаракат алып, экинчиси каза тапкан эле.