Садыр Жапаров: "Саясаттан кетпейм, “Кумтөр” үчүн кашык каным калганча салгылашам”

Садыр Жапаровдун элге кайрылуусунда “Ата Журт” партиясынан чыгары тууралуу айтылган. Бирок бул кадамы "ал саясаттан алыстайт" дегенди түшүндүрбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына: “Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа дейт. Ырас, саясатка аттангандан кийин, албетте, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн саясий иштер менен алектене берем. “Кумтөрдү” баштадымбы, аягына чейин чыгарганга бар күчүмдү жумшайм. Кыргызда айтылгандай, кашык каным калганча салгылашам”,- деп билдирди.

Анын айтымында, башка партияны ачып, өз алдынча иш алып баруу мамлекет үчүн жакшылыкка алып келбейт. “Азыркы систем илгерки Союз учурунан калган. Биздин Кыргызстанга бул систем өтө эле эскилик кылат жана жоопкерчиликсиз систем экенин мезгил өзү көрсөтүп койду. Премьер-министрдин бизге эмне кереги бар? Президент өзү эле башкарса болбойбу? Премьер-министрдин кызматы илгери керек болгон. Ал кезде колхоз-совхоз, мал чарбачылыгы жана башка мамлекет иштеткен ишканалардын көптүгүнөн бир киши жетише албайт эле. Азырчы? Эмнесине жетише албайт?”- деди ал. Ошондой эле системди өзгөртүү керектигин айтып: “Президентти эл шайладыбы, мамлекеттин, элдин тагдырына премьер-министр деген кол баласы эмес, өзү керт башы менен жооп берген системди түзүшүбүз керек”,- деп кошумчалады.

“Оппозиция бийликтин кемчилигин айтып турбаса болбойт, бүгүнкү бийликте отургандардын баары оппозицияда жүрүшкөндө “Кумтөрдү” алабыз деп кыйкырышса, ооздорунан шилекейи чачырап турушчу эле. Эми эмне болду? 180 градуска бурулуп, канадалыктардын адвокаты болуп чыга келишти. Бул жерде чоң акча, тонналаган алтындар ойноп жатат. Аларды коргогондо өздөрү жомоктогу ажыдаарга айланып кетишти. Ошондуктан оппозициянын бийликти сындап турганы туура эле иш. Элге ушинтип жеткизип турбаса, анан кантип жеткизебиз?”- деди Садыр Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан