Кыргызстандагы
кесиптик-техникалык окуу жайлардын абалын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык
комиссия ишин аяктай элек. Муну бүгүн, 20-февралда депутат, комиссиянын мүчөсү Абдимуталип
Кочкорбаев билдирди. Айтымында, иштин көлөмү чоң болгондуктан, комиссияга дагы
убакыт берүү керек.
“Комиссиянын иши бүтпөй жатат, убакытты узарталы” деди
ал. Сунуш бүгүн добушка коюлат.
Эскерте кетсек,
комиссия 2013-жылдын 6-ноябрында 1 айлык мөөнөт менен түзүлгөн болчу. Комиссия
түзүүгө кесиптик-техникалык окуу жайларда тизмеде жок студенттерге жана
окуучуларга мамлекеттен акча бөлүнүп жатышы себеп болгон. “Айрым окуу жайларда 200
баланын ордуна 12 гана бала окуп жатат” деп билдирген эле депутат Каныбек
Осмоналиев.