Алмазбек Атамбаев "А.Ж.Балтабаев жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу мыйзамына ылайык чыгарылган жарлыкта "Балтабаев Аманкул Жаакемилович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын кызмат ордун ээлөөнү 2014-жылдын 20-февралынан баштап улантсын" деп айтылат.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.