Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

Алмазбек Атамбаев 19-февралда "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" жана "М.А.Абдухалыков, М.Ш.Жалалова жана М.Эргешова жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

КРнын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу мыйзамдын негизиндеги жарлыкта "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык:

- Абдухалыков Мелис Асанбекович - Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы, 2014-жылдын 20-февралынан баштап;

- Жалалова Марипат Шерматовна - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы, 2014-жылдын 20-февралынан баштап;

- Эргешова Мастура - Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы, 2014-жылдын 3-мартынан баштап узартылсын" деп айтылат. 

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан