Депутаттар пенсионердин көзү өткөндөн кийин анын пенсиясын балдарына өткөрүп берүүнү сунушташты
Жогорку Кеңештин
20-февралдагы жыйынында депутаттар пенсионер көз жумгандан кийин анын пенсиясын
балдарына төлөп туруу керектигин айтышууда. Депутат Дастан Жумабеков көпчүлүк
пенсионерлер алчу пенсиясынын үзүрүн көрбөй калып жатышканын айтат. “Өмүр
бою Социалдык фондго акча төгүп келгендер пенсияга чыккандан көп өтпөй каза болуп
калган учурлар жок эмес. Алардын өмүр бою иштегени күйүп кетүүдө. Пенсиясын
баласына же кызына төлөп бере тургандай кылып мыйзам киргизүү керек”,-
деди эл өкүлү.