КТРК “Аалам сырлары” телеберүүсүн көрсөтүүнү токтотот. Бул тууралуу 20-февралда Коомдук каналдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомчулукка тараган аудиожазуудан улам бүгүн эртең менен каналдын коллегиясы чукул чакырылыштагы жыйын өткөргөн. Коллегия жыйынында көрсөтүүнү токтотуу жана бул программаны даярдоого катышкан чыгармачыл топту кырдаал такталганга чейин жумуштан четтетүү чечимин чыгарды.
"Аудиожазуудагы Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес. Аны менен Коомдук канал укуктук мамиледе болгон эмес. Бул факты боюнча бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды” деп айтылат маалыматта.