Кыргызстандагы ар бир үчүнчү калк конушунда башкы план жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, өлкө аймагындагы 1819 калктуу конуштун ичинен 257си кайрадан иштелип чыккан башкы пландар менен камсыздалган. Бул болгону 14,2 пайызды түзөт. Ал эми 903 калктуу конушта эскирген башкы план бар болсо, 659 калктуу конушта башкы план жок.