Бүгүн, 20-февралда Ош технологиялык университетинде 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата «Дүйнөлүк тилдердин коомдогу орду» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов билдирди.
Аталган иш-чара окуу жайдын Тилдерди даярдоо жана эл аралык борборлор институтунун чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилери жана студенттер катышышты.
Негизги максаты билим алып жатышкан студенттерге дүйнөдөгү тилдердин коомдогу орду тууралуу маалыматтарды берүү болуп саналат.