Социалдык фонддун пенсияларды жылына эки жолудан көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Муну бүгүн, 20-февралдагы парламент жыйынында аталган фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиев билдирди. Кыргызстанда пенсионерлердин саны бир жылда 16 миң адамга көбөйгөнүн айткан Абылгазиев: “1-октябрда пенсияны 10 пайызга көтөрүү каралып жатат. Соцфонддун бюджетинин туруктуулугун камсыз кылышыбыз керек, андыктан пенсияны бир жылда эки жолу көтөрүүгө азырынча шарт жок”,- деди.