Facebook социалдык тармагы смартфондор үчүн колдонулган WhatsApp мессенжерин 19 миллиард долларга сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул маалыматты Facebook`тун жетекчилиги тараткан. Анда макулдашуунун негизинде 4 миллиард доллар накталай төлөнөт. Ал эми калган сумма үчүн WhatsApp`тын негиздөөчүлөрү жана кызматкерлери Facebook`тун 12 миллиард долларга бааланган акциясына жана ага кошумча 3 миллиард долларга ээ болот.
Facebook ишке ашырып жаткан эң кымбат сатып алууда анын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин пикири баалуу болду. Анткени учурда WhatsApp мессенжеринин кызматынан пайдалангандардын саны 450 миллионду түзөт жана күнүнө 32 миллиарддан ашуун кат алышуу болот.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2012-жылдын жаз айларында Facebook белгилүү Instagram визуалдык тармагын 1 миллиард долларга баалап сатып алган.