“Бишкектеги мектеп директорлору билим берүү министрин тоготпой калышты”,- деди депутат Каныбек Осмоналиев ЖКнын 20-февралдагы жыйынында. Осмоналиев Бишкектеги мектеп директорлору “биз өзгөчө статустагы мектеппиз” деген шылтоо менен дегеле эч кимге баш ийбей, эптеп акча табуунун көмүскө жолдорун сактап калууга аракет жасап жатышканын айтат.
“Жакында өткөн комитеттин кеңейтилген жыйынында Бишкек шаарындагы билим берүү тармагынын иши каралып, өкмөткө мамлекеттик органдар менен мекемелерге тиешелүү чараларды көрүү тапшырмалары берилген. Бирок андан бери абал өзгөргөн жок, эч кандай чаралар көрүлө элек”,- деди Осмоналиев.