Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдамада "Мамлекет башчысы коргонууну камсыз кылган мамлекеттик органдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын өз ара аракеттенүү, пландаштыруу жана  биргелешип колдонуу системин уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Генералдык штабдын башчысы өлкө башчыга Куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди" деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан