"Учкун" концернинин 9-кабатынан боюн таштаган жигиттин бутуна кийинки жумада операция жасалат

“Учкун” концернинин 9-кабатынан өз жанын кыюу максатында бой таштаган жигиттин бутуна операция жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкектин №4-шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, кечээ берилген болжолдуу диагноздор такталды жана жигиттин бөйрөктөрүнүн жабыркаганы белгилүү болду.
"Анын оң бутуна операция жасоо кийинки жумага пландаштырылган. Буга бейтаптын учурда абалынын оордугу себеп болууда",- деди башкы дарыгер Кубатбеков.
Эске салсак, кечээ, 19-февралда саат 12:00 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан “Учкун” концернинин 9-кабатынан өз жанын кыюу максатында 34 жаштагы жигит боюн таштаган. Ал №4-шаардык ооруканага алынып келинген. Жигиттин Республикалык психиатриялык ден соолук борборунда каттоодо турганы аныкталды. Жалпысынан ага оң буттун балтыр бөлүгүндөгү сөөгүнүн ачык сынышы, экинчи бел омурткасынын жабык сынышы, баш мээнин жаракаты, көкүрөк клеткасындагы жаракаты жана бөйрөктөрдүн жабыркаганы боюнча диагноздор коюлган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан