Кыргызстанда билим берүү тармагы үчүн насыя алууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун максаты - мектептерде окутуу сапатын жогорулатуу жана билим берүү тармагындагы шарттарды түзүү. Долбоорго 16,5 миллион доллар бөлүнүүдө. Анын 9,1 миллиону насыя, 7,4 миллиону грант түрүндө берилүүдө. Каражатка окуу китептерин басып чыгаруу, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн алдында бухгалтерияларды түзүү менен мектептерде каржылык башкаруу жакшыртылмакчы. 

Мыйзам долбоору 2-3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан