Эртең, 21-февралда саат 14:00дө Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, катышуучуларга окуу жайдын бөлүмдөрүнө экскурсиялар жүргүзүлөт. Иш-чаранын соңунда майрамдык концерт тартууланат.